Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун сак-сактоодо (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун саксактоодо (Бейшеналиев). В.: Кызыл кыргын, кара сүргүн. Ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен (Акматов). Дүйнөлүк алаамат болуп, өмүр менен өлүм айыгышып жаткан кызыл кыргын, кара сүргүндү аралап өтсөң, бирок өлбөй тирүү чыксаң, анан а киши кантип адалдык менен арамдыкты билбей чыксын (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЫЗЫЛ КЫРГЫН Ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен (Акматов). Дүйнөлүк алаамат болуп, өмүр менен өлүм айгышып жаткан кызыл кыргын, кара сүргүндү аралап өтсөң, бирок өлбөй тирүү чыксаң, анан а киши кантип адалдык менен арамдыкты билбей чыксын (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан катуу урушуу, аябай салгылашуу. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, эки уруу үч күн беттешти («Ала-Тоо»). 2. Абдан катуу уу-дуу болуу, аябай талашып-тартышуу. Сенин айыңдан атаң экөөбүз кызыл кыргын, сары сүргүн болуп калдык деди апам («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан катуу урушуу, аябай салгылашуу. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, эки уруу үч күн беттешти («Ала-Тоо»). 2. Абдан катуу уу-дуу болуу, аябай талашып-тартышуу. «Сенин айыңдан атаң экөөбүз кызыл кыргын, сары сүргүн болуп калдык» деди апам («Ала-Тоо»).